Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Оганталаа айлында бүгүн саат 07:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду, көпүрөнү, турак жайларды жана короо, сарайларды каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Селден улам Базар-Коргон-Кызыл-Үнкүр унаа жолунда унаалардын кыймылы токтоп, жол бузулган. Учурда жаан басаңдап, сел суулары азайды.
Ошондой эле Сузак районунун Ак-Мечит айылында 9-майдан 10-майга караган түнү катуу нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сугат каналдан суу ашып, болжол менен 7-8 үйдүн короо, сарайларын жана айланасын суу каптаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ