Адамдарды сатуу менен байланышкан иштерди кароодо судьялардын билимин жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында Ош шаарында окутуу тренинги өтүүдө. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.
Мында өз тажрыйбалары менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары – Турсунгул Чаргинова, Шералы Камчыбеков жана Нургуль Асанова экс-судья, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин лектору бөлүшүшүүдө.
Иш чара Кыргыз Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы №14 токтому менен бекитилип, адамдарды сатуу менен күрөшүү боюнча Өкмөтүк программанын ошондой эле 2017-жылга Сот адилеттигинин жогорку мектебинин Окуу планын аткаруу алкагында өткөрүлүүдө.
Маалым болгондой, Кыргызстанда “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” Мыйзам кабыл алынган. Адамдын эркиндиги, намысы, кадыр-баркы жана башка ажырагыс укуктары эң жогорку баалуулук болуп саналат, аларды камсыздоо баш мыйзам менен бекемделген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ