Эми мас абалында унааны башкаргандар 50 миң сом айып пул төлөп, эки жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Ошондой эле ылдамдыкты нормадан жогорулаткандарга 8 миң сомго чейин айып пул салынат. Андан тышкары, жол сакчылары эреже бузгандардан айдоочулук күбөлүктү алганды токтотот. Анын ордуна планшет аркылуу электрондук протокол толтурулат. Эгер айдоочу айып пулду эрте төлөй турган болсо, анын көлөмү 50 пайызга чейин кыскартылат. Ал эми бир жыл ичинде үч ирет эреже бузгандар окууга жөнөтүлөт.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ