Menu

Оштун борборундагы бак-дарактар кароосуз калды

Бөлүшүү:

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө бак-дарактардын ролу өзгөчө. Азыркы кезде бак-дарактардын мааниси өтө актуалдуу маселе болуп турат. Бак-дарактар шаардын өпкөсү, көркү дегендей, Ош шаарында да жашылдандыруу боюнча иштерди күчөтүү зарыл.

Ош шаарында акыркы беш жылдыкта жашылдандыруу- көрктөндүрүү боюнча жакшы иштер аткарылып жатканын айтпай кетүүгө болбойт. Ошону менен бирге кемчиликтер да бар. Беш гектар жерде жайланышкан «Ботаникалык бак» эки- үч жыл суугарылбагандыктан куурап, акыры талкаланып ордуна “Футбольная академия” курулган. Өткөн иш өттү, эми ошол жердеги калган бактарды сактап, калуубуз зарыл. Ошол “Футбольная академиядан” баштап А.Навои атындагы эс алуу багына чейинки аралыктагы үч гектардай сонун, кооз бак каралбай, суугарылбай куурай баштады. Ал жер Ак-Буура дарыясынын бою, майда арыктар да жетиштүү сууга мол жер экенине карабастан, өткөн 2017-жылы бир да суугарылган жок. Ал эми 2015-жылы январдын башында Навои эс алуу багы тарабындагы отуз жылдык тарыхы бар, жыш өскөн байтеректүү бакта жүздөн ашык байтеректер кыйылып, тамырыдан бери омкорулуп, кандайдыр курулуш куруу үчүн жайлар даярдалды. Кыйылган байтеректер үчүн азыркы күнгө чейин эч ким жоопко тартылбады. Шаардын борбордук бөлүгүндө жайланышкан ушул бак менен Араван кичи районундагы “Пионер” сейил багы каралбай, көчөттөр отургузулбай Көк-Жаңгак шаарын элестетип, аралчадай болуп, шаардын көркүн бузуп турат. Оштун борбордук бөлүгүндөгү башка бактар, оңдоп-түзөөдөн дээрлик өткөрүлдү. Эми 2018-жылдын жазынан баштап, ошол аралча болуп, шаардын көркүн бузган бактарды шаардык мэрия өз көзөмөлүнө алып-көчөттөрдү отургузуп, суугарып, оңдоп-түзөөдөн өткөрсө жакшы иш болот эле. Ошондо шаардын борбордук бөлүгү көркүнө чыгып, жашылданып, абасы тазарып, эс алууга ыңгайлуу шарттар түзүлмөк.

Кадырбек ЭШМУРЗАЕВ

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: