25-августта Казакстандын Астана шаарында болуп өткөн түрк тилдүү элдердин Жайдарман Лигасында Кыргызстандан барган «Позитифф» командасы баш байгени багынтты. Бул тууралуу команданын капитаны Актан Рыскелдиев билдирди. Тамашоучу өздүк баракчасына кубанычтуу кабар жөнүндө буларды жазды: «Сүйүнчү! Кыргызстан сен үчүн! Жеңиш силердики. Жүрөгүмдүн ар бир согушу сиздер үчүн. Бизди колдогон ата-энелерибизге, дос-туугандарыбызга жана жалпы күйөрмандарга, казак туугандарга чоң рахмат!».
Жайдарман Лигасына Башкортостан, Татарстан, Казакстан, Өзбекстан өлкөсүнөн жана уйгур элинин оюнчулары катышышкан.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ