Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Назым Мендебаиров 2017-жылдын 23-30-августуна чейин Казакстан Республикасынын Актау шаарында болуп өткөн Түрксой уюмуна мүчө мамлекеттердин театрларынын жетекчилеринин IV отурумуна катышып кайтты. Аталган жыйналышка Түрксой уюмуна мүчө Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Хакасия Республикасы, Гагаузия, Түндүк Кипр Түркия Республикасынын мамлекеттик театрларынын жетекчилери чогулуп, тажрыйба алмашышкан. Бул саамалык жыл сайын аталган мамлекеттерде катары менен өтүп турмакчы.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ