Кечээ, 24-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Токтогул жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Ошентип, Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынан Айжан Казыбековна Усенканова “Замандаш” саясий партиясынын курамынан комиссиянын курамынан чыгарылды. Ал эми комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Мадылбаева Жумагүл Раевна киргизилди.
Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынан Сарбагышева Илира Абдылдаевна “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын курамынан комиссиянын курамынан чыгарылды, комиссиянын курамына резервден “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан Максат Төлөнович Кыдыралиев киргизилди.
Иындай чечим Токтогул жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Айжан Казыбековна Усенканова жана Илира Абдылдаевна Сарбагышеванын комиссиянын курамынан чыгуу жөнүндө билдирүүлөрүнүн негизинде кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ