Menu

Коронавирус: Кыргызстанда дарыгер-тренерлерден турган командалар даярдалып жатат

Бөлүшүү:

Кыргызстандын бардык региондунда дарыгер-тренерлерден турган атайын командалар даярдалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, тренер жана окутуучулар катары медицина илиминин ар кандай тармагынын алдыңкы адистери тартылды. Алардын иштерин профессорлор Талант Сооронбаев менен Айнура Кутманованын координациялайт.

Команданын курамына кызыл зоналарда иштөөтажрыйбасы бар, ар кандай адистиктеги дарыгер кирет. Алар: пульмонологдор, жугуштуу оорулар боюнча адистер, реаниматологдор, кардиологдор, педиатрлар, акушер-гинекологдор, эндокринологдор, психологдор жана башка адистер.

“Бишкекте 17 доктур жана 11 медайымдан турган биринчи сертификацияланган мобилдик топ түзүлүп, окутулду. Окутуу 14-19-сентябрь аралыгында болуп өттү жана алар башка дарыгерлерге жардам көрсөтүүгө жана аларды окутууга даяр” – деп айтылат маалыматта.

Мультидисциплинардык экинчи команданы окутуу Ош шаарында 21-сентябрдан 26-сентябрга чейин болот. Аларды окутуу үчүн башкы инфекционист Айнура Кутманова, башкы реаниматолог Гүлжан Жүзүмалиева жана башкы пульмонолог Талант Сооронбаев жөнөп кетишти.

Жакынкы убакта өлкөнүн ар бир регионунда дагы 7 мобилдик МДКны окутуу жана даярдоо пландалууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: