Menu

Алмазбек Атамбаев: “Президенттик шайлоодо КСДПнын эмес, башка талапкер жеңиши мүмкүн”

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев “Интерфакс” агенттигине интервью берип, республиканын ички жана тышкы саясаты, бүгүн аны ойго салган темалар жана проблемалар тууралуу пикир бөлүштү. Биз ал маектин маанилүү жерлерин кыскартуу менен берүүнү туура көрдүк.

– Сиз мамлекет башчысы болуп шайланганга чейин лидер болгон КСДПнын өкүлдөрү бүгүн өлкөнүн жетекчилигиндеги дээрлик баардык негизги кызматтарды ээлеп отурушат. Бул жагынан айыптоолордон коркпойсузбу?

– Мени ансыз деле ар түрдүү себептер боюнча сындап атышпайбы, бирок, цивилизациялуу демократиялык өлкөдө алдыңкы партиянын өкүлдөрү башкаруунун негизги постторун ээлешкени боло жүрчү көрүнүш. Мындай мисалдар Европа союзунун өлкөлөрүндө, АКШда бар. 2015-жылдын октябрында болуп өткөн парламенттик шайлоолор КСДПны бүгүн көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон партия экендигин көрсөттү. Ошондуктан, ал өлкөдө болуп жаткан нерселер үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алууда.

– Март айында кыргыз-өзбек чек арасында кырдаал курчуганда, “Өзбекстан техникаларын чыгарып кетпесе, ШОСтун саммитине барбай коюшум мүмкүн” деп билдирдиңиз эле. Алар техникаларын чыгарып кетишти. Эми сиз Ташкенттеги ШОСтун саммитине барасызбы?

– Шанхай кызматташтык уюмунун июнь айында өтүүчү юбилейлик саммитине Кыргызстандык делегациянын катышаар-катышпасы жөнүндөгү маселе ачык бойдон турат. Баарын убакыт жана кырдаал көрсөтөт. Кошуна өлкө чек аранын такталбаган участогунда эми кандайдыр бир укуктан сырт аракеттерди жасабасына үмүттөнөм.

– Март жана апрель революциясынан кийин качып кетишкен мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев мекенине кайтып келиши мүмкүнбү?

– Эгер алар Кыргызстанга өз эрки менен кайтып келишсе, мен кубанычта гана болмокмун. Эки президентке тең, Акаевге да, Бакиевге да укук коргоо органдарынын көп суроолору бар.

– 2017-жылы күзүндө Кыргызстанда президенттик шайлоолор өтүүгө тийиш, сиздин өзүңүзгө мураскер даярдоо боюнча оюңуз барбы?

– Демократиялык өлкөдө мураскерди шайлашпайт, биз болсо, демократиялык өлкөбүз, мураскерге байланыштуу вариант бизге ылайык жол эмес. Демократиялык өлкөлөрдө мамлекет башчысын эл өзү шайлайт, биздин калкыбыз да өзү тандоого тийиш. Албетте, КСДП алдыдагы президенттик шайлоодо партиядан талапкерди сунуш кылат, бирок, “эл аны сөзсүз шайлайт” дегенди билдирбейт. Таптакыр башка талапкер жеңип кетиши мүмкүн.

Булак: “Азия news”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: