Menu

Өкмөткө чабуул башталды

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-октябрда ЖКнын комитет жыйынында билим берүүнүн отличниги, спортчу депутат Тазабек Икрамов маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангуловго мурду менен барып бир тийди. Депутат: “Жасанып, таранып келгениңиз эле болбосо, оозуңузга талкан салып алгандай болуп, бир маселе көтөрбөйсүз. Жазуучулар союзунун маселесин чечели деп айтпайсыз. Алып барган ишиңиз боюнча маалымат берип кетсеңиз”, – деди эле. Короздой кооз кийинген, сулуу чымчык министр Азамат Жамангулов маданият тармагында бардык багыттар боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

“Жазуучулар союзу менен үч-төрт жолу жолугуп, маселесин уктук. Китептерди чыгаруу, каржылоо боюнча маселелери бар. Өкмөттө да бул маселени талкуулаганбыз. Жакынкы арада бардык союздарга акча бөлүнөт. Ушунун алкагында бул маселе чечилет деп ойлойм”, – деди. Эске сала кетсек өткөн аптада жалпы жыйында депутат Жанар Акаев ИИМге асылып, УКТ менен күрөш токтоп калганын, каралардын баш көтөргөнүн айтып, министрликке сөөмөй кезеген эле. Буга кошумча куюлуштуруп сүйлөгөн депутат Момбеков Рыскелди жол министри Жанат Бейшеновду Суусамыр – Талас – Тараз жолунун создугуп жатканы боюнча жарга такап, жомокчу атаган эле. Келе элек жатып, мектеп фонду боюнча сынга кабылган билим берүү министри Каныбек Исаковдун да абалы анчейин эмес. Саламаттык сактоо министрин сындабаган депутат калган жок. Ушунун баары чогулуп келип өкмөт башчы Абылгазиевге сокку эмей эмне. Ал дагы бир эт эмес же чел эмес бир жан экен. Иштей албаган министрлерди эмне кылат кармап олтуруп? Кетирчүсүн кетирип, камалчусун каматпайбы? Эркелетип эмне кармап олтурат?

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: