Menu

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “3%ды сунуштаган партлидерлер мандат сатып, капчыгын акчага толтурууну көздөп жатышат…”

Бөлүшүү:

– Турсунбек мырза, күзүндө болоору алдын-ала айтылган Элдик курултайдын кезектеги жыйыны эмнеге 21-декабрга белгиленди?

– 21-декабрга жылгандыгынын бирден-бир себеби – биротоло жылды жыйынтыктоо максатын көздөйт. Анын үстүнө, Кой-Таштагы окуяны иликтеген коомдук комиссиянын иши да жыйынтыкталсын деген ойдо болдук. Анткени, курултайда аталган комиссиянын да жыйынтыгы каралат. Бул комиссияны кыргыз элинин патриот уулдарынын бири Улукбек Маматалиев жетектеп, иш кызуу жүрүүдө. Учурда мындан башка да күн тартибине кирчү маселелерди тактоонун үстүндө иштеп жатабыз. Белгилүү болгону шайлоо маселеси, тагыраагы талаш жараткан партияларга коюлган босого пайызы талкууга алынат. Маселе башкада. Биз шайлоо системасын түп-тамырынан өзгөртүүбүз керек. Пайыздык ченем жөн гана сөз. Маңыз башкада, ошол маселе тууралуу да сөз болот.

– Бийликке сын айтууга батына албагандан улам, ар кайсы шылтоо менен курултайды артка жылдырып жаткан жоксуңарбы? Буга чейин курултай бир имаратта эмес, күзүндө аянтта өтөт дечү элеңер го?

– Имаратта эмес, аянтта өтөт деп бир-эки эле адам айтчу. Башкаларыбыз имаратта эле өтсүн деген позициядабыз. 18 кишиден турган аткаруу комитетинин позициясы толугу менен андай эмес. Башынан эле “курултайды аянтта өткөрөлү” дешкенде – “жабык эле имаратта өткөрөлү. Курултайга кара кылды как жарган адамдар келет”- деп көргөнбүз. Анткени, аянтта өткөрсөк митинг же пикет болуп калат да.

– Бекназаровго “Элдик курултайды бийликке каршы тукурбасын” деп тымызын кызмат берилип, Кыргызстандан кетирүүнүн айласы жасалып жаткан жокпу?

– Ага кызмат сунушталышына Элдик курултайдын иш-аракетинин таптакыр тиешеси жок деп айтканга болбойт. Анткени, Бекназаров Курултайдын атынан бийлик менен кызматташып жүрдү. Курултайдын атынан президентке, аткаруу бийлигине талаптарды коюп жатты. Бул бир жагы. Экинчи жагы – андай элчилик кызмат Бекназаровдун өзүнүн эмгеги үчүн да сунушталышы мүмкүн. Анткени, анын да эбегейсиз аракети бар. Бекназаров күчтүү юрист, анан революцияда алдыңкы сапта жүргөн бульдезор саясатчы. Эмнени кааласа, ошону бетке айткан көк жал. Президент өзүнүн да, курултайга кошкон салымын да баалап, ушундай кызмат сунуштаса керек деген ойдомун. Бирок, ал “элчилик кызматтан баш тартам”- деп жатат. Негизи элчи болуп кетсе деле жакшы болмок. Президент сунуштап, агреман келип жатса элчи болгондун эмнеси жаман? Ал да пенсияга чыгышы керек. Бекназаров элчилик кызматты да катырмак. Ал үч жолу депутат болгон тажрыйбасы чоң, патриот инсан. Ал элчилик кызматы менен да Кыргызстанга чоң пайда келтирмек.

– Бирок, Бекназаров кетсе, курултайдын аткаруу комитетинин иши солгундап, бийликке жагынган орган болуп калбайбы?

– Мен жок болсом да, Бекназаров элчи болуп кетсе да, курултай өз ишин уланта берет. Анын курултайга салымы чоң болсо да, ал кетсе эле иш токтоп калбайт. Курултайды андан же менден башкалар деле өткөрүп, баштаган иштин аягына чыга берет. Анткени, курултайдын аткаруу комитетинде тажрыйбасы мол, түрдүү тармактын өкүлдөрү бар. Алар курултайдын позициясын өзгөрттүрбөйт.

– Курултайчылардын “шайлоонун кандай турүн каалайсың деп элге кайрылабыз, шайлоо системасын түп тамырынан бери өзгөртөбүз” деген аракетиңер колдоо табабы?

– Тапса керек. Анткени, ушул убакка чейин элден бир да жолу “шайлоонун кайсыл түрүн каалайсың” деп сураган жокпуз да. Бийлиги деле, башкасы деле өз билгенин кылып, билген талканын чалып жүрдү. Биз элден сурайлы, өз билемдик кылбайлы деп 10 миң кол чогултуп, жайында эле парламентке бергенбиз. Мыйзам боюнча бир айдын ичинде жооп бериш керек болсо да, төрт айдан бери жооп жок. Жакында спикер менен жолугабыз. Ошондо да бул маселени тактоого аракет кылабыз.

– Азыр айрым партия лидерлери шайлоо босогосун азайталы деген демилге көтөрүп, мыйзамга да оңдоо-түзөө киргизүүгө аракет кылып го?

– Андай жыйындар өтө баштады. Кызыгы, андай жыйындарга бири-бирин жактырбаган, учурунда бири-биринин изин баспаган, бири-бирине окшобогон саясатчылар барды. Башкача айтканда, алар бири-бирин эл көзүнчө мазактаган, бири-биринин абийирин төгүшчү. Азыр алар биригип жатканына таңгалып жатам. Ошондой демилге көтөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан Бакыт Төрөбаев мезгилинде 9 пайызды биринчилерден болуп колдогон. Ал кезде Төрөбаевдин абалы жакшы болчу. Бабановго кошулуп, “премьер болом” деп шылдың боло элек мезгили болчу. “9 пайыздан жөн эле өтүп кетем”- деп ойлогон. Атамбаевден кечирим сурап, аброю төгүлгөндөн кийин айласы кетип, “4-5 пайыз болсун. 9 деп жаңылып атыптырмын”- деп катачылыгын мойнуна алып жатат. Мадумаров да мурунку шайлоолордо өтө албай калгандыгы үчүн азыраак босоголук пайызды каалап жатат. Сариев, Текебаевдер 3 пайызды сөз кыла башташты. Баарынан кызыгы, ким канча пайызды алалса, ошону каалап жатышат. Саясатчылардын, партия лидерлеринин шайлоону утурлай чогулганы жакшы жышаан эмес. Анткени, булар кандай жол менен болсо да депутат болууну максат кылып жатышат. Партиялык системаны шылтоолоп, эптеп пайызын азайтып алса, партлидерлер мандат сатып, капчыгын акчага толтурууну көздөп жатышат. Биз акча менен маселе чечкендерден арылалы, деңгээли төмөн депутаттарды жок кылалы, кадыр-баркы жогору, 15-20 кишинин ичинен суурулуп чыккан, элдин колдоосуна татыган күчтүү депутаттар келе турган система куралы деп жатабыз. Антпесек коалицияга кирдик деген шылтоо менен майлуу-сүттүү кызматтарды кой, майда кызматтарга чейин бөлүп алганды адат кылып алышты. Дал ошондуктан, кандай шайлоо системасы болоорун бир ууч саясатчылар эмес, эл чечсин!

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: