Menu

Тазабек Икрамов, ЖКнын депутаты: “Депутаттар спорт менен машыгалы, башкаларга үлгү көрсөтөлү”

Бөлүшүү:

– Тазабек мырза, сиздин спорт менен активдүү шугулданып жүргөнүңүздү билебиз. Депутаттардын арасында спорт менен машыккандар дагы барбы?

– Мен билгенден депутаттардын тең жарымына жакыны спорт менен машыгат. Ар кандай түрү менен. Бирөө футболго барса, башкасы волейболго барат, дагы бирөө баскетбол, бильярд ойнойт.

– Кээ бир өлкөлөрдө чиновниктерди жумасына жок дегенде бир жолу сөзсүз түрдө спорт менең машыгууга милдеттендиришет экен. Кандай дейсиз, бизге да ушундай чаралар керекпи?

– Мен билгенден Түрмөнстанда чиновниктердин баары спорт менен машыгууга милдеттендирилген. Негизи таза улут жаралышы, коом сергек жашашы үчүн спорт керек. Дары-дармекке канчалаган акча кетүүдө. Ошондуктан, көп оорулардын алдын алуу максатында да элди спортко кеңири тартуу зарыл. Адам үчүн эң биринчи ден соолук да. Ден соолук болсо, көңүлдөр куунак болуп, иш да өндүрүмдүү болот. Өзгөчө биз, депутаттар сөз менен гана эмес, өзүбүздүн ишибиз, жеке жүрүм-турумубуз менен да башкаларга үлгү болушубуз керек. Элдин өкүлү болгондон кийин бизди жалпы калк карап турат да.

– Спортту өнүктүрүү боюнча шайлоочуларыңызга кандайдыр бир жардам көрсөтө алдыңызбы?

– Ооба. Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында спорт залын курдук. Мына, эки жылдан бери ал жерде грек-рим күрөшү боюнча мектеп окуучуларынын арасында 15 салмак категориясы боюнча эл аралык турнир өтүүдө. Былтыркы мелдешке Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан сьыктуу Орто Азия өлкөлөрүнөн тышкары, Россиядан да окуучулар келип катышышты. Айыл жеринде эл аралык турнир өткөнүнүн өзү жаштарга моралдык чоң колдоо деп эсептейм. Беш жыл ичинде балдар башка республикалардагы өзүнүн теңкурлары менен кадимкидей достошуп, келечектеги терең мамилеге жакшы база түзүлүп калат.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: