Menu

“Калькулятор бала” же атагы алыска кеткен Азаматыбыз Арсен

Бөлүшүү:

Өткөн жуманын башында Орусиянын телеканалдарынын биринен Арсен аттуу кыргыз жигитти «Удивительные люди» программасынан көрсөттү. Телеберүүдөгү сынактын шартына ылайык, биздин мекендешибиз математика багыты боюнча ЖОЖдо билим алган эң алдыңкы студенттер менен тең ата эсеп чыгарыш керек эле. Калыстарды таң калтырып Арсен мектеп окуучусу болсо дагы студенттерден озуп кетти. «Калькулятор бала» деген каймана атка ээ болуп, интернет жылдызына айланган Арсен менен апасы Алия айым биздин редакцияда конок болушту…

Алия Турар кызы, Арсен Рахымбековдун апасы: “Арсендин 1-класстан эле математикага кызыгуусу бар экенин байкаганбыз”

—Алия айым, кыргыздар биринчи эле жердигин сурайт эмеспи. Арсендин ата-энеси өлкөнүн кайсыл аймагынан болот деген суроо көпчүлүккө кызык болуп жатса керек. Маекти Арсендин кичи мекенин суроо менен баштасак?

—Рахмат, мен Нарындан. Арсендин атасы Талас областынын кулуну. Ошондо Арсенди да Таластык десеңиз жаңылышпайсыз.

—Уулуңуз Арсендин ийгилиги менен куттуктайбыз. Сынак учурунда ордуңузду таба албай аябай толкундансаңыз керек?

—Кичүү уулум Байэл экөөбүз коштоп барганбыз. Мен: «Көрсөтүү түштө эле тартылып бүтүп калса керек»- деп ойлогом. Тартуу иштери кечирээк башталып, түнкү саат бирге чейин созулду. Чынын айтсам кечке чейин баарыбыз чарчап калдык. Уулума: «Бир аз чыдап кой, утушуң керек» – деп алдап жаттым. Залда да кыжалат болуп, бир четинен толкунданып: «Атайын алыс жол басып Кыргызстандан бери келсек, адашып калбаса экен» – деп чый-пыйым чыгып олтурдум.

—Балаңыздын кичинекейинде эле математикага өзгөчө кызыгуусу бар беле?

—1-классынан баштап эле математикага кызыгуусу бар экенин байкаганбыз. Өзү балдарга арналган телеберүүлөрдү көп көрөт. Бир күнү «Удивительные люди» сынагынан кичинекей бала чыгып калды. «Апа, мен деле ушинтип катышсам болобу, санасам кандай дейсиз?» – деп кызыкты. Дароо эле иниси экөөнү тең менталдык арифметиқа курсуна бердик. Биринчи сабагынан кийин эле мугалими: «Уулуңуздун аракети абдан жогору экен» – деп айтты. Ошентип математиканы терең өздөштүрүүгө жан дили менен кирип аракеттене баштады. Аракети жаман эмес, сабагын жакшы окуп, олимпиадаларга катышып, ийгилик жаратып келе жатат.

— Балдарды олимпиадага чет өлкөгө алып баруу чон суммадагы акчаны талап кылат. Өзүңүздөр каржылайсыздарбы?

—Чет өлкөгө барарында өзүбүз каржыласак, айрым учурларда демөөрчү издөөгө туура келип калат. Бизге ар тараптан, ар кайсыл жактан чакыруулар келип турат. Тилекке каршы, баарына эле бара албайбыз. Түркияга, Германияга барып келдик. Кээде өзү кетсе, айрым учурларда өзүм коштоп барып келем.

—Арсен азыр Бишкек шаарындагы эң мыкты деп эсептелген жеке менчик мектепте окуйм дейт. Биринчи класстан баштап окуйбу?

—Ооба, Арсен эл аралык «Кембридж» жеке менчик мектебинде билим алат. Негизи бул мектепке 5-классында келди. Ага чейин Туңгучта окучу. Кийин №5 гимназияга которгонбуз. Гимназияда аз эле убакыт окуп, анан «Кембридж» мектебине кетти.

—Үй-бүлөдө кимиңиздер математикага жакынсыздар?

—Математикага мен жакынмын. Мектепте окуп жүргөндө эле кызыгуу менен окучумун. Арсен гана эмес, жогоруда айтып кеткенимдей иниси Байэл да математикага кызыгат. Экөө үйдө дайыма «мини турнир» кылып атаандашып эсеп чыгарышат. Компьютерге көп олтургузбайм. Утканыңар жарым саат компьютерге олтурасыңар десем, аябай аракет кылышат.

—«Кембридж» мектебинде үй тапшырма берилбейт дешет. Ошентсе дагы сабагына өзүңүз жардамдашасызбы?

—Туура, үй тапшырмасы берилбейт. Окуучулар эртеден кечке мектепте болуп, сабагын даярдап анан келишет. Бул мектепке жаңы келгенде сабактардын баары англис тилинде болду. Ошол учурда үйдөн даярданып, англис тилинен бир ай жардам берип жүрдүм. Аракетинин аркасы менен кийин өзү баарына жетишип калды.

—Арсенчик инженер болом деп жатат. Кайсыл жогорку окуу жайдан окутсак дейсиздер?

—Так илимдерге кызыккандыктан, баламдын каалоосуна каршы чыга алган жокмун. Кайсыл кесиптин ээси болсо да, аман-эсен маңдайымда жүрсүн дейт элем. Уулум ак көңүл, анан тырышчаак. Алдына максат койсо, баарына жеткенге аракет жасайт. Ар бир мелдеш учурунда «Мен утушум керек» – деп тынымсыз аракет кылат.

Азыр Арсен «Кембридж» мектебинде жалаң англис тилинде окуп жатат. Буюрса мектепти бүткөндөн кийин Улуу Британиядагы «Кембридж» окуу жайына тапшырганга аракет жасайт. Болбосо Америкадагы «Массачусетс» технологиялык институтка тапшырам деп жүрөт. Кичинесинен эле ошол жакта окуйм деп кыялданчу. Атасы экөөбүз уулубуздун бардык ой-максаттарын орундатканга аракет жасайбыз.

Арсен Рахымбеков, “Удивительные люди” сынагынын жеңүүчүсү: “Келечекте инженер болом”

—Арсен, жеңишиң менен!

—Рахмат!

—Келечекте кайсыл кесиптин ээси болгуң келет?

—Кесибим боюнча айтсам, азырынча так чечимге келе элекмин. Ошентсе да адамзатка пайда берчү кесиптин ээси болгум келет. Мага жаңы нерселерди жараткан жагат. Кичинекейимде легодон сонун нерселерди жасачумун.

—Математикадан башка кайсыл сабактарды жакшы көрөсүң?

—Бардык сабактарды жакшы көрөм. Мектепте отличникмин. Өзгөчө илимде так деп эсептелген биология, физика жана химия сабактарын сүйүп окуйм.

—«Удивительные люди» сынагына кандайча чакырылып калдың?

—Бир жыл мурун Германияда математика боюнча олимпиада өткөн. Борбордук Азиядан мен жалгыз утканым үчүн, ошол жерден байкап калышса керек. Өздөрү чакырганда скайп аркылуу сүйлөшүп такташып алдык. Бир айдан кийин бизге толук качан келээримди айтышты. Сүйүнүп даярданып баштадык.

— Сынак учурунда сага атаандаштар жогорку математика боюнча билим алган күчтүү студенттер экенин билдиң беле?

—Бизди көрсөтүүгө тартылуу башталганда бир бөлмөгө алып кирип тааныштырышкан. Эң күчтүү университетте окуган математиктер экенин билгем. Башында бир аз утулуп калсам эмне болот деп корктум. Ал эми сынак учурунда оюмдун барын бир багытка, эсепке, бурдум. Кайсыл жеринен туура эмес эсептеп алам деп толкундандым. Жыйынтыгында туура болуп, артымдагы калыстар абдан шок болду.

—Келечекте Кыргызстандын кайсыл университетинде окуйсуң?

—Апамдарга деле көп айтам. Кыргызстандын эмес, Американын университенине тапшырам. Анан сөзсүз келип, бул жерден билимимди пайдаланып, өз мекеним үчүн иштесем деген тилегим бар.

—Канча тил билесиң?

—Кыргыз, орус анан англис тилдерин эркин билем. Мектепте азыр француз тилин үйрөнүп жатам. Мурда немецче, түркчө бир аз билчүмүн. Практика жүзүндө пикир алышып сүйлөшкөн чөйрө жок аз-аздан билгендеримди унутуп баратам.

—Тилектериң орундалсын. Ийгилик каалайбыз!

—Рахмат, сиздерге дагы ийгилик каалайм.

Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: