30-апрелден 6-майга чейин туруктуу эмес аба-ырайы сакталып турат, мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, абанын температурасы өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
30-апрелде Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
29-апрелден 6-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Бишкек шаарында 30-апрель күнү жаан жаап, мезгил-мезгили менен катуу жаашы күтүлөт, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетеши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 9…11°, күндүзгү жогорку температурасы 16…18° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 30-апрель күнү жаан-чачын күтүлбөйт, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12°, күндүзгү жогорку температурасы 26…28° жылуу болушу күтүлөт.
30-апрель күнү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
1-май күнү жана 2-май күнү түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-май күнү эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
3-4-май күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ