Menu

Сооронбай Жээнбеков Түркиянын вице-премьери Йылдырым Тугрул Тюркеш менен жолугушту

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 29-апрелде Түркиянын вице-премьер-министри Йылдырым Тугрул Тюркеш менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстан жана Түркия ортосундагы мамилелер достук жана өз-ара түшүнүшүүнүн негизинде курулуп келген. Түркия алгачкылардан болуп биздин республиканын көзкарандысыздыгын тааныган. Ошол мезгилден тарта биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык чыңдалуу менен катар оңдуу көрсөткүчтөргө ээ болууда», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстанга кыргыз-түрк «Манас» университетинин негизделишине 20 жыл толгондугуна байланыштуу иш-чараларга катышуу максатында келген конок менен учурашууда.

Премьер-министр билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун өнүгүү деңгээлине канааттангандыгын билдирип, аталган тармактагы биргелешкен ийгиликтүү долбоорлордун катарында кыргыз-түрк «Манас» университетин атады.

«Университет өлкөбүздүн жогорку билим берүү тутумун өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Буга катар кыргыз студенттеринин көпчүлүк бөлүгү окутуунун жогорку деңгээли калыптанган түрк университеттеринде билим алууда. Белгилесек, Түркия Өкмөтү жана түрк университеттеринин жетекчилиги кыргыз студенттерине чоң колдоо көрсөтүүдө», – деп белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Өз кезегинде Йылдырым Тугрул Тюркеш кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелерин көп багыттуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Эки өлкө ортосундагы кызматташтык экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда динамикалуу өнүгүүдө. Өз-ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүлүү мисалы катары быйыл негизделгенине 20 жыл толгон кыргыз-түрк «Манас» университетин келтирсек болот. Менин ишенимимде, аталган университет өзүнүн миссиясын улантып, бир тууган эки эл ортосундагы байланыштарды чыңдоо үчүн маанилүү көпүрө болуп берет», – деди Йылдырым Тугрул Тюркеш.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну чыңдоо, анын ичинде билим берүү жана маданият тармагында тыгыз кызматташуу боюнча пикир алмашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: