Menu

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын комиссиялары компаниянын филиалдарынын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерип жатышат

Бөлүшүү:

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын комиссиялары компаниянын филиалдарынын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерип жатышат. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, комиссиянын курамына “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын борбордук аппаратынын жетекчилери жана техникалык адистери, ошондой эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү кирди.

Комиссиялар электр энергия объектилерин, имараттарды, курулмаларды, автоунаалардын капиталдык жана учурдагы оңдоо иштерин камтыган күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча пландаштырылган иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын текшеришет.

Бүгүнкү күндө капиталдык оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Текшерүүнүн жыйынтыгында, алар акт түзүшөт жана күз-кыш мезгилине өтүүгө даяр болгондугу жөнүндө паспорттор берилет” – деп билдирди “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын пайдалануу жана оңдоо департаментинин директору Мурат Дурусалиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: