Билим берүү жана илим министри, мурдагы бейөкмөтчү Эльвира Сариева жаш десең жаш, билимдүү десең билимдүү, жаңыча ойлонгон, жакшы кадрлардын бири. Кызматынан ошондуктан тынымсыз секирик жасап, өсүп баратат. Бирок ал билим берүү боюнча ар кандай жаңычыл долбоорлордун артынан түшкөнү менен мектептердеги тазалык менен тартипти сактоо боюнча эч жарытылуу иш кыла албады. Аны кечээ өзү да мойнуна алып, “мектеп рекетчилиги бар” деп айтып отурат. Мына ошол рекетчиликтин айынан жана башка социалдык маселелерден улам өлкөдө акыркы 4 айда эле 39 мектеп жашындагы улан-кыз өзүн-өзү өлүмгө түртүп отурат. Андыктан Эльвира айым мектептерге вай-фай орнотуп, онлайн сабактарды өтүүдөн мурун тартип сактоочу жана моралдык-психологиялык кеңеш берүүчү адистерди жакшылап окутуп ишке тартканы дурустур…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ