Menu

Жарымы калып жарымы жок, шайлоого шанаңдагандар кыскарды…

Бөлүшүү:

БШК деген билерман катуу иштеп жатат окшойт. Ажолукка талапкер катары катталгандардын кол топтоо этабы «пачкелеп» каралууда.

Дегенибиз, ар бир талапкердин топтогон колун, бит сыккандай караган БШКчылар Арстанбек Алай, Үмөталиева, Малиев шайлоого талапкер катары кол топтоо этабынан ийгиликтүү өтүштү дешсе, Турсунбек Акун, Шаршекеева, Карасартова жана Чороев, Т.Кожогулов топтогон кол тамгаларынын аныктыгы белгиленген чекке жетпей, шайлоо жараянынан четтетилди деп салды. Тагыраагы, Т.Кожогулов – 34 027 кол тамгалардын ичинен 26 015и жараксыз, Турсунбек Акун – 35 462 кол тамгаларынан 14 532си гана жарактуу, Камила Шаршекееванын чогулткан 39 481 кол тамгаларынын арасынан 23 901и гана жарактуу, Кубан Чороевге топтолгон 40 224 кол тамгаларынын 22 235и гана жарактуу, ал эми Рита Карасартова топтогон 31 706 кол тамганын 27 026сын гана ишенимдүү, анык деп табылып, көрсөтүлгөн чекке – 30 000 кол тамгага жетпей калган. Президентикке талапкерлердин акыркы тизмеси 9-сентябрда белгилүү болуп, 10-сентябрда жарыяланат. Ал эми 15-октябрда жаңы президенттүү болушубуз мүмкүн. Эгер экинчи турга дагы чуркаш керек болбосо…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: