Темир Сариев президенттикке катышаарын алгачкылардан болуп билдирди. Ошондо мен дагы курултайына катышкан элем. Сариевдин программасын угуп колдоорумду билдирдим эле. Мен Темир Сариевди жаш кезинен бери билем, үй-бүлөсүн да жакшы тааныйм. Мен журналист
болуп жүргөндө атасын да, апасын да жазган элем, баатыр эне катары макала жазган болчумун. Ошондон бери Темирди жакшы тааныйм. Мен бир эле мисал келтирейин, Темир Сариев тууралуу. Ал 2010-жылдын 7-апрелинде чоң салым кошкондордун бири. Ошол окуяда үнү бүтүп калганча кыйкырып элди башкарган ушул жигит болгон. Кыскасы Темир Сариев саясатта жаңы киши эмес, көп жылдан бери иштеп келе жатат. Такшалып калган. Эл менен иштей алат, бизге ушундай адам керек журт башкарганга. Анан президенттикке катышып жаткандардын ичинен Сариевдин курултайы эң алгачкылардан өттү, ошондо кол коюп бердим. Эми мындай жигиттерди колдош керек, колдон келсе.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ