Сиз өткөндө биздин гезитке көлөмдүү маек берип, бийликтин сөз эркиндигине карата мамилесине да сын айтып кеттиңиз эле. Андан көп өтпөй журналист Турат Акимовго кол салуу болду. Ушуну да бийликтен көрөсүзбү эми?
-Жашырып не, Анара карындашым, акыркы убакта бийлик оппозициялык маанайдагы жарандарга ачык эле кысым жасоодо. Себеби мамлекетте уурулук күч алып, анысы болгондо да Ак үйдүн 7-кабатынан башталып жатканы ачыкка чыгып отурат. Коркмазов аркылуу Д.Нарынбаевдин пара алгандыгы ачыкка чыкты, Ажо баш болуп соттордун ишине киришип жатканын КР ЖК депутаты Р.Момбеков “Азаттыкка” ачык эле айтпадыбы. Илмиянов соттук процесске кийлигишип, Ботобеков менен Орунбековдорго ири 2 миллион жаза салганы да өтө опурталдуу окуя. Кытайдын окумуштуусу, философу Ли Юаньдын айткан сөзү бар: “Кайсы жерде полиция көп болсо – ал жерде эркиндик жок болот. Кайсы жерде аскер көп болсо – ал жерде тынчтык болбойт. Кайсы жерде адвокаттар көп болсо- ал жерде акыйкат жок болот”- деп. Эгерде Ли Юаньдын философиясына таянсак, анда Кыргызстанда эркиндик, тынтык, акыйкат дагы жок болуп жатпайбы.
-Президенттик шайлоого жакын журналисттерге кысым аябай күч алары божомолдонуп атат?
-Акыркы Турат Акимовдун Мелис Турганбаевге койгон дооматы бардыгыбызды сестентти. Чындап эле Мелис Турганбаевдин буюртма адам өлтүргөнгө катыштыгы бар болсо анда, өлкүбүз өтө чоң коркунучта. Американын Конституциясында жазган адам коркутууга кабылса, АКШын мыйзамы коргойт. Коррупция бар жерде маалымат тараткан булактарды жок кылып турууга барышат. Ошондуктан журналисттерге кол салуулар болуп келетат, жыйынтыгы чыкпайт, себеби өзүлөрүнүн бетин ачмак беле. Журналистерге кол салуу адатка айланып калса, ачык жазып иштеген журналисттерге кол салуу өнөкөткө айланып калат.
Анара Өскөнова
Булак: “Майдан.кж”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ