Редакциябызга (ред. “Азия Ньюс” гезити) Кочкор районундагы КСДПнын оппозициядагы кыйын күндөрүндө арка-бел болушкан 50гө чукул мүчөлөрү алдыдагы президенттик шайлоодо партиянын райондук координатору Жээнбек Алыкулов менен иштеше албай турушкандыгы боюнча билдирүү келип түштү. Айтымдарында, КСДПнын райондук бөлүмчөсүндө буга чейин «Алга Кыргызстан», «Акжол» партияларынын чачпагын көтөрүшүп, кандуу бийликтин райондогу жоокери Курманбек Байтерековдун кареги менен тең айланган ушул эле Жээнбек Алыкулов баштаган топ бийлеп алышып, эски партиялаштардын пикири эске алынбагандарына нааразы боло ичиндеги буктарын гезит аркылуу партлидерлердин бири Иса Өмүркуловдун назарына сунуштап коюшубузду өтүнүшүүдө. Нарын облусундагы негизги райондун ичинде ушундай бөлүнүп-жарылуу болуп, партиянын ардагер мүчөлөрү Жээнбек Алыкулов менен иштешүүнү каалабай жатышса, аламан жарышта Кочкордон жеңишти камсыздаш кыйынга туруп калбайбы? Иса Өмүркулов бул районго тезинен назарын салып, партиялаштарынын буктарын угуп, көңүл бурбаса, буларың шайлоодо капчыктуулар менен иштешип, тарыхы бар партияны райондо уят кылып койчудан. Кыскасы, партиянын райондогу координаторлугуна партиялаштар тарабынан эмес, фирманын жетекчиси сымал түндүктөн түшкөндөй келип калган Алыкуловго карата булардын азырынча нааразычлыгы басаңдачудан эмес.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ