Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуунун көлөмү былтыркыга салыштырганда эки эсеге өстү. Бул тууралуу Тажикстандын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Шариф Саид Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2017-жылдын январынан майына чейин Тажикстан Өзбекстанга 20 миллион доллардан ашык суммага товарларды жана айыл чарба азыктарын экспорттогон. Ал эми Өзбекстандан Тажикстанга 25 миллион доллардан ашык суммага бааланган буудай, минералдык жер семирткичтер жана айыл чарба техникалары алынып келинген.
Шариф Саид азырынча алгачкы беш ай үчүн эки өлкө ортосундагы товар алмашуунун расмий статистикасы жок экенин, бирок Соода-өнөр дай палатасынын эсеби боюнча, ал 46 миллион доллардан ашып, былтыркы ушул маалга салыштырганда эки эсеге өскөнүн белгиледи.
Мурдараак Тажикстан менен Өзбекстандын өкмөт мүчөлөрү менен ишкерлеринин Дүйшөмбүдөгү жолугушуусунда акыркы жылы өлкөлөр ортосундагы товар алмашуу 5,7 эсеге өсүп, 69,2 миллион долларды түзгөнү айтылган. Өзбекстандын вице-премьери Улугбек Розикулов Дүйшөмбүдөгү өзбек компаниялары менен ишканаларынын товарларынын көргөзмө-жарманкесинде эле 50 миллион долларлык макулдашууга кол коюлганын билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ