Menu

Чехиялык бизнесмендер убадасына турса энергияга болгон таңкыстыгыбыз жоюлмак

Бөлүшүү:

Алгач Россия өкмөтү курабыз деп, бирок 700 млн. доллар короткон соң белгисиз себептерден улам айнып кеткен Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын курууга чет элдик инвестор табылды окшойт. Анткени 10-июлда президент  Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Кыргыз Өкмөтү менен Чехиянын “Liglass Trading CZ, SRO” компаниясынын ортосунда Жогорку Нарын гидроэлектростанциялар каскадынын Акбулуң ГЭСи жана Нарын ГЭС-1ди куруу жана эксплуатацияга киргизүү, ошондой эле “Кыргызстанда чакан гидроэлектростанцияларды куруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашууларга кол коюлду. Маалыматка ылайык, макулдашууга өкмөт тарабынан – Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев жана өнөктөштөр  тарабынан – “Liglass Trading CZ, SRO” компаниясынын директору Михаел Смелик кол коюшту. Эгер чехиялык  бизнесмендер убадасына туруп, жок дегенде бир ГЭС куруп берсе, анда өлкөбүздүн электр энергияга болгон  таңкыстыгы жоюлуп, миңдеген жумуш орундары түзүлгөндөн тышкары чет өлкөлөргө да сатып каларыбыз шексиз. Дал ушул жумада Дүйшөмбүдө CACA-1000 долбоорун ишке ашыруу боюнча ага катышкан мамлекет башчыларынын
жыйыны өттү.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: