Ырас, бир чындыкты айтып коюу керек. Тээ эгемендик алган жылдардан тарта аткаминер, депутат, чиновник дегендердин кылы кыйшайбай, кылмыш кылса да жоопкерчилик тууралуу түшүнүктөрү жок эмес беле. 2010-жылдагы революциядан соң мыйзамдын үстөмдүгү күч алып, бир топ үлкөндөрдүн үстүнөн кылмыш иштери козголуп, айрымдары абакка айдалып, айрымдары айып пул төлөп, айтор «Кыргызстан мыйзамы сенин ким экениңе карабайт, мыйзам алдында баары бирдей» позициясы турукташып келет. Бирок өлкөдөгү мындай өзгөрүүлөр оңой менен ишке ашпасы белгилүү. Бир топтор буга ачык да, тымызын да каршылыгын көргөзүп жатышат. Өзгөчө чоң кызматта олтуруп чоң жеп, чоң уурттагандар. Негедир алардын бул каршылыгы да айрымдарга дем болууда. Алсак, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголгону маалым. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Сарпашев белгисиз себептер менен өз кызматында олтурат. Муну кандай түшүнсө болот? Же Сарпашсв үчүн баарына бирдей деген мыйзам иштебейби? Же Тайырбек Сарпашев мыйзамды уруп ойнобойбу? Эмнеге баарына бирдей иштеп келаткан мыйзам Сарпашевге келгенде какап калды? Муну ким түшүндүрүп берет?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ