Menu

Видео – Садык Шер-Нияз: “Дача СУдагы авиакырсыктан жабыркаган жүк ээсине $36 млн компенсация, ал эми каза болгон 45 адамга $600 миң гана төлөп беришкен”

Бөлүшүү:

Кечээ, 21-апрелде “Ата-Мекен” фракциясынын кезектеги жыйынында Соорнбай Жээнбеков жетектеген КР Өкмөтүнүн 2016-жылдагы аткарган иштери боюнча  отчету угулган. Депутат Садык Шер-Нияз жыйындын жүрүшүндө Өкмөт мүчөлөрүнүн ишин сынга алып, 16-январда болгон авиакырсыкка байланыштуу жасап жаткан Өкмөттүн иштери канааттандырарлык эмес экенин айтты.

“Дача СУдагы авиакырсыктан жабыркаган жүк ээсине 36 миллион доллар компенсация төлөп беришкен, ал эми каза болгон 45 адамга болгону 600 миң гана доллар которушкан. Ошондо жүктүн баасы 45 адамдын өмүрүнө караганда алда канча кымбат турабы? Биздин жапа чеккен ар бир жаранга канча доллардан компенсация өндүрүп бергени жатасыңар?”, – деп сурады депутат Садык Шер-Нияз Транспорт жана жол министри Жамшит Калиловдон.

“Жүктүн ээси товарын алдын-ала камсыздандырып койгон экен, ошондуктан 36 миллион доллар алды. Ал эми биздин жарандардын өмүрү камсыздандырылбаган. Ошондуктан азырынча алгачкы транш катары 600 миң доллар төлөп беришти. Бирок, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Канчадан өндүрө аларыбызды азыр айта албайм”, – деп жооп берди Калилов.

“Эгерде биздин жарандар самолетко жүргүнчү болуп түшкөндө өз өмүрлөрүн камсыздандырышмак. Алар өз үйлөрүндө бейкапар уктап жатканда үстүлөрүнө самолет кулап түшүп жатпайбы?  Мындай учурда өкмөт ар бир жапа чеккен жаранга мүмкүн болушунча чоң компенсация өндүрүп бериши зарыл.  Германияда 50 миңден болсо Америкада жапа чеккен ар бир адам үчүн 600 миң доллардан компенсация төлөп беришет экен. Силер ар бир жапа чеккен кыргыз жараны үчүн мынча доллардан компенсация өндүрүп беребиз деген максатыңар алигиче жок болсо, максатсыз эмнеге жетишмек элеңер? – деди депутат.

“Комитеттин жыйынында Транспорт министринин орун басары “Жүк ээсине 36 миллион доллар компенсация төлөндү, дагы 20 миллион доллар төлөө жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми каза болгондор менен жапа чеккен жарандарга 600 миң доллар төлөп беришти. Ушуну менен бүтөт го, ошого баратат” деген. Ошондуктан биз бул маселени көтөрүп жатабыз”, – деди фракция лидери Алманбет Шыкмаматов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: