Кечээ, 22-январь күнү Ысык-Ата районундагы Кант шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан эмерек цехинен өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, нөөмөт бөлүмүнө Ленин көчөсүндө жайгашкан эмерек цехи күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. ӨКМдин 2 өрт өчүргүч унаасы жана 10 кызматкери жерине чыгып кеткен.
Өрт саат 13:20да толук өчүрүлгөн. Жалпысынан 90 чарчы метр күйүп кеткен.
Учурда тийиштүү адистер өрттүн себептерин жана чыгымдарды иликтеп жатышат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ