Menu

Калктын картаюу процессине эмнелер тоскоол боло алат?

Бөлүшүү:

Калктын картаюу тендециясы жакындап келе жаткандыгы кооптонлурат. Анткени, эмгекке жарамдуу репродуктивдүү курактагылардын басымдуу бөлүгү миграциялык агымга аралашып, төрөлгөн жаш балдардын көбү чет мамлекеттерде жарыкка келип, ошол жакта жашап, калып калгандыгы келечектин ойго салган суроосу.

Демографиялык картинага кайрылсак, калктын картаюу процесси 2030 – жылдардан тартып жанданаары жагымсыз болуп турат, – дейт атайын изилдөөлөрдүн жыйынтыгына шилтеме берип, 8 – майда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болгон ЖК Төрага орун басары Аида Касымалиева.

Жөлөк пул чектөөдө пенсионерлердин кирешеси эсепке алынбасын делген менен, алардын пенсиясы тууралуу справкаларды талап кылган учурлар дагы деле сакталып жаткандыгы факт, – деди эл өкүлү.

Депутат андан аркы өз сөзүндө, – “Эрте картаюунун алдын алуунун бир ыңгайы  – таза суу менен камсыздоо. Сергек турмуш образын калыптандырып, туура тамактануу адаттары да турмуштун туруктуу салтына айланышы керек”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле Вице – спикер, – сүйүнчү пул каражаттарынын канчалык төлөнүп жаткандыгын атайын түзүлгөн комиссия жер – жерлерде иликтеп баштагандыгын да билдирди. Жакында эле ушундай миссияны аркалап Чүй областынын Ысык – Ата, Москва, Ош областынын Өзгөн райондордундагы эл менен жолугушуулар өткөндүгүн айткан депутат, – эми ушундай эле элден сурамжылооо иштери Ысык – Көл областынын Түп жана Нарын областынын Кочкор районунда,  андан тышкары ордо калаанын калктуу конуштарында да 13 – 14 май күндөрү саат 16:00 – 18:00го чейин уюштурула тургандыгын маалымдады..

Жыйырма чакты иш кагаздарын топтоо талабы коюлгандыктан, райондордун борборуна баруу бир убара болсо, берилген маалыматкаттардын жарактуу мөөнөтү да кыска аралыкка ылайыкталгандыктан, ал дагы тез эле керектен чыгып калдууда. Бул сүйүнчү пул алуучулардын түйшүгү, – дейт элдин маанайын көрүп келген парламентарий айым.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: