Menu

КСДПнын Саясый кеңеши ар бир партиячыдан 200 сомдон мүчөлүк акы кармоо, партбилеттерди алмаштыруу чечимин чыгарды

Бөлүшүү:

Кечээ, 29-августта өткөн КСДПнын Саясый кеңешинин жыйыны 2019-жылдын 1-январынан тартып партиянын ар бир мүчөсүнөн жылына 200 сомдон кем эмес мүчөлүк акы кармоону, 2018-жылдын 1-ноябрынан 2019-жылдын 30-апрелине чейин КСДПнын мүчөлөрүнүн партиялык күбөлүктөрүн толук алмаштыруу чечимин кабыл алган. Бул тууралу КСДПнын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Андан сырткары КСДПнын Саясый кеңеши КР Жогорку кеңешинин депутаты, Отун-энергетика комплекси жана жер кен байлыктары боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевди партиянын катарынан чыгарды. Ошондой эле Саясый кеңеш КР ЖКдагы КСДП фракциясына депутат Кожобек Рыспаевди жогоруда аталган комитеттин төрагалыгы кызматынан, аракеттеги депутаттык комиссиялардын, жумушчу топтордун, туруктуу делегациялар жана чет өлкөлөр менен достук топторунун курамынан чакыртып алууну сунуштады.

“Кожобек Рыспаев КСДПнын уставынын 2.8.-бөлүгүнө ылайык партиянын негизги максаттарына, милдеттерине жана уставына каршы иш кылгандыгы үчүн партиянын катарынан чыгарылат. Ал “КСДПда партиялык ишмердик, ынтымак жана өлкөнүн келечеги боюнча талкуулар болгон жок. Эгер КСДПнын Бишкек ЖЭБдеги айыптары далилденсе мен бул партиянын катарында кала албайм” деп айткан.  Кожобек Рыспаев ооз жүзүндө Бишкек ТЭЦиндеги мыйзам бузуулар боюнча курч сындарды айтат. Бирок Бишкек ТЭЦинин директору Өмүркул уулу Нурланды бул кызматка депутат Кожобек Рыспаев өзү алып келген…”, – деп айтылат билдирүүдө.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: