Чүй облусунун Кемин районундагы «Талды-Булак сол жээк» алтын кенин иштеткен «Алтынкен» кыргыз-кытай биргелешкен компаниясынын ишине жергиликтүү тургундардын нааразычылыгы өтө көп. Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинин былтыр өткөн көчмө жыйынынын чечимдеринин аткарылышы боюнча маалымат угулуп жатканда билдирди.
Жолугушууга «Алтынкен» компаниясынын жетекчилиги, «Кыргызалтын» компаниясынын, Социалдык фонддун, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу министрлигинин, Экологиялык жана тахникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын өкүлдөрү, Кемин районунун акими менен Орловка шаарынын мэри катышты.
Депутат Акылбек Жамангуловдун айтымында, тармактык комитеттин көчмө жыйынында көптөгөн көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, тиешелүү чечимдер кабыл алынуу менен, бир катар тапшырмалар берилгенине карабастан, дагы да болсо «Алтынкен» компаниясынын ишине нааразычылыктар арбын. «Ушул мезгил аралыгында жергиликтүү тургундардан жүздөн ашык кат келди. Мага эле эмес, көп депутаттарга келүүдө», – дейт эл өкүлү.
Депутат нааразычылыктардын басымдуу бөлүгү жумушка орноштуруу жана маяна маселесине барып такаларын баса белгиледи. «Келишимге ылайык, жумушчулардын 90 пайызы жергиликтүү калктан, ал эми 10 пайызы кытай тараптан алынууга тийиш болчу. Мындай талап азыркыга чейин аткарылган жок. Кытай жумушчуларынын маянасы да 2-3 эсе жогору экен. Акция үлүшүнүн 40 пайызына ээ «Кыргызалтын» компаниясынын жетекчилиги да маселе чечкен жок. Тескерисинче, өздөрүнүн өӊ-тааныштарын жумушка орноштуруу менен алектенип калыптыр. Эгерде компаниянын өкүлү маселе чече албаса, анда айтсын, ал жерге чече турган адамды дайындайлы», – деди Акылбек Жамангулов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ