Канат Исаев Темир Сариевден кечирим сураганы боюнча маалыматтар тарады. Бирок бизге жеткен куш кабарга караганда, Темир Сариев өзү биринчи кадам жасап, Канат Исаев менен достошууну көздөптүр. Сыягы, Канаттын Сариевди тендер боюнча коррупцияга карата шектенүүсү чын окшойт. Болбосо Сариев оңой менен кишиге ийиле берчү саясатчылардан эмес эле. Эми бул экөөнүн да ашмалтайы чыкпаса эле болгону. Исаевге го баары бир болуп калды. Позиция дегенди жоготту, уяттан да биринчи орунга саясатты койду. Кечээ мактаганын бүгүн жамандап, бүгүн жамандаганын эртең мактап дегендей. Принцип деген болуш керек да кичине. «Жүзүңдү аччы Гүлчөтай» деген киши жок.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ