Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 28-октябрынан тартып, 1-ноябрга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 131-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «НК «Кыргыз темир жолунун» басма сөз кызматы билдирди.
Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 28-октябрынан тартып, 1-ноябрга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыз кылуу Башкармалыгы тарабынан саат: 9-00 дөн 15-00 гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.
Автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, автомобилдер өткөрүлүп турат.
Эскерте кетсек: таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ