Menu

Шайлоонун шарапаты же шайтан оюндары…

Бөлүшүү:

Парламенттик шайлоону утурлай шайлоо босогосу 7ден 9 пайызга жогорулашынын максаты эмнеде?

Камила Талиева, экс-вице премьер министр: “Шайлоо босогосунун жогорулашы чоң чырдын чыгышына алып келет”

– Шайлоонун шайтан оюну да мына ушул босого пайыздын жогорулашы менен башталды. Бийлик өзүнө ыңгайлуу гана эки-үч партияны өз короосуна киргизип, каалаган саясатын ишке ашырууну көздөп турганы айдан-ачык эле байкалып турат. Босогонун жогорулоосу шайлоодон кийинки чоң чырдын чыгышына, элдин нараазычылыгынын өсүп кетишине, бийликке ишенимдин кескин төмөндөшүнө алып келип коюшу да ыктымал. Бул саясатты ишке ашыруудан мурда элдин пикири, коомчулуктун колдоосу же терс реакциясы да эске алынуусу керек. Босогонун жогорулашы менен парламентке жаш партиялар, жаңы жүздөр, жаштардын келишине бир топ тоскоолдуктар болушу күтүлөт. Баягы эле капчыктуу, бийликке жагымпоздор келип калышына шарт түзүлөт.

Жеңиш, Молдокматов, «Замандаш» партиясынын төрагасы: “Мандаттын баасы 1 миллион долларга чыгат”

-Тогуз пайыздык чек мандаттын жана шайлоочулардын добушунун жогорулашына алып келет. Эгерде мурун мандаттын эң жогорку баасы 300 миң доллар болсо, азыр ал 300 миң доллардан башталат. Ал эми «алтын орун» дегендери 500-700 миң доллар болсо, алардын баасы эми 1 млн. долларга чыгат. Шайлоочунун добушу 1000-1500 сом болсо, ал 3000 сомго чейин көтөрүлөт. Андан тышкары тогуз пайыздык босого саясий партиялардын жетекчилеринин үстөмдүгүнө алып келет. Талапкерлер партия лидеринин эле көзүн карап калыша турган жагдайды жаратат.

Адахан Мадумаров, саясатчы: “Тогуз пайыздык чектин айынан төңкөрүш болот”

-Тогуз пайыздык чек – бул «парламентке менин гана партиям келсин, башка эч ким келбей калсын» деген эле сөз. Бул чоң жаңжалга алып келет. Муну Мадумаров эле айтып жатса башкача кабыл алмаксыңар. Бирок талкуу учурунда бир эмес, бир нече кишинин оозунан «мунун айынан төңкөрүш болот» деген сөз чыкты. Мен да тогуз пайыздык чекти азайтпаса саясий кырдаал курчуйт, чоң жаңжалга жол ачат деген пикирдемин.

Калича Умуралиева, укук коргоочу: “Парламент акчалуулардан гана куралып, байлардын парламенти болуп калат”

-Менимче тогуз пайыздык чек байлардын парламентке келишине гана шарт түзөт. Парламент адискөй, мыйзам жазганды билген депутаттардан эмес, акчаны гана жогору койгон, акчалуулардан куралган байлардын парламенти болуп калат. Башкача айтканда, акча парламент болуп калат!

Темир Сариев, экс-премъер министр: «9% менен эки-үч партияны алып келем деген тайкы саясат»

– Кооптонуу бар. 9% кылып алып эки-үч партияны алып келип, ошолор менен эриш-аркак иштешем деген тайкы саясат. Бул эртеңкисин ойлобогон, алыска укурук таштабаган саясат десек болот. Ошон үчүн бүгүн бир жыл убакыт бар. Президент Сооронбай Жээнбековдун «А дегенде мыйзамдын баарын тактап алып саясий партияларга, элге айтып, эл ынангандан кийин гана шайлоону убактысында өткөрүшүбүз» – керек деп айтканы бар. Парламент ушуга терең мамиле кылып, 9 пайызды беш пайызга түшүрсө болот.

Ишенбай Кадырбеков, коомдук ишмер: «9 пайыздык босогодон президент чочулашы керек»

– Оппозиция жана бийликтен башкача ойлонгондор парламентте болушу керек. Акаев муну кылган, ал Конституцияны тогуз жолу өзгөртүп, бардык ыйгарым укуктарды өзүнө топтогон. Акыр-аягында сараңдык кылып парламентти толугу менен өзүнө алгысы келген. Эми азыр ал кайда? Ушундай эле тагдырды Бакиев башынан өткөрдү. 9 пайыздык босогонун кесепетинен президент коркушу керек. Анткени ал бардык бийликти колго алам деп жатып революциялык кырдаалга туш келиши мүмкүн.

Назира Нарматова, экс-депутат: “9 пайыздык чек партияларды ирилештирип, бириктирет”

– 9 пайыздык чекти туш тараптан сындап, аны азайтуунун сунуштап, түрдүү талкуулар жүрө баштады. Бирок партия лидерлери коркпой эле койсо болот дегет ойду айткым келет. Анткени анын жакшы да жактары бар. Маселен, 9 пайыздык чектен өтөм деп партиялар идеологиясына, программасына карап ирилешмек, бирикмек. Башкача айтканда, 9 пайыздык чек лидерлердин, күчтүүлөрдүн топтолушуна шарт түзмөк. Ошондой эле элдин калың катмары колдобогон партиялар парламентке келмек эмес. Мен тогуз пайыздык чекти эмес, шайлоо күрөөсүн азайтууну сунуштамакмын. Себеби акылы мыйзам жазганга жетсе да, шайлоо күрөөсүн табуу кыйынга турган партиялар бар.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: