Menu

ИИМ криминалдан коркобу?

Бөлүшүү:

Депутат Жанар Акаев ИИМ криминалдар менен күрөшүүдө алсыздык кылып жатат деп эсептейт. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

“Өткөн аптада кафенин кожоюну киши колдуу болду. Бул ишкерлерге чоң сокку. Бүгүнкү күндө криминал башын жогору көтөрүп, а өкмөт мындай маселени чече албай турганын көрсөтүүдө. Ушул себептен Кыргызстандан ишкерлер кетип башташты. Жарым жыл ичинде 247 миллион өлкөдөн чыгарылып кеткен. Ири бизнес эле эмес, орто бизнестерди да чыгарып кетишүүдө”, – деген депутат ИИМ крим дүйнөсү менен күрөштү жетиштүү алып барбай жатканын белгиледи.

Ошондой эле Жанар Акаев кримтөбөлдөрдү эмнеге абакка камоо иштери аткарылбаганына таң калды. Ал бул үчүн акча каражаты талап кылынбашын белгиледи:

“Реформа жүргүзүүгө акча керек дейсиңер, ал эми кылмышкерлерди жана кримтөбөлдөрдү темир тор артына жөнөтүүгө акча керектелбейт го?” – деди депутат.

Эске салсак, жакында “Мадина” кафесинин ээси, ишкер Абдурехмановдун сөөгү Кочкор айылынын четинен табылган.

Бирок ИИМ криминалдан коркпой тургандыгын, акыркы 3-4 жылда бир гана ушундай чуулгандуу окуя катталганын билдирди.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: