Ширин Айтматованын жарандык күйөөсү Сыргак Кенжебаев кайрадан камакка алынды. Бул тууралуу журналисттерге Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим 12-октябрда кабыл алынгандыгы такталды. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз прокуратура тарабынан берилген.
Сыргак Кенжебаев 8-декабрга чейин Бишкек СИЗО-1ге жеткирилген.
Эскерте кетсек, Сыргак Кенжебаев 6-октябрда Бишкектеги башаламандыктан кийин камактан бошотулган. Ал 2019-жылы 20-декабрда Алматы аэропортунан кармалган. Ага эки кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштерин Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ