Menu

300 журналист өлкө башчысына кайрылат

Бөлүшүү:

7-ноябрь журналисттердин кесиптик майрамына карата өткөрүлө турган биримдик иш-чарасы. 1993-жылдын 7-ноябрындагы токтомдун негизин алганда быйыл бул майрамга 25 жыл болот. 1924-жылдын 7-ноябры биринчи тунгуч кыргыз гезити «Эркин Тоо» жарыкка чыккан күн. Ушул күн 1993-жылга чейин улуттук басма сөз күнү болгон.

1. Биринчи жолу 7-ноябрь күнү бир жерде 300 журналист чогулат. 1-бөлүк.

2. 2018-жылы журналистикада оор жоготуулар болду. Мына ушуну эске алып, 27 жыл аралыгында каза болгон журналисттерди эскерүү форматыңда фотогалерея уюштурулат. Алардын жакындарынан бирден өкүл чакырылат. Баардыгына багышталып Куран окутулат. Бул бир чети Куран окутуу жана жакшылык болсун деген түлөө болот.

Фотогалереядагы сүрөттөр Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетинде өткөрүлүп берилет (журналисттердин музейи же үйү жок болгондуктан). 2-бөлүк.

3. «7-ноябрдын символу» деп биринчи жолу «Президентке кат» деген жазуусу бар кат куржун уюштурулат. 300 журналист президентке кат жазып (даярдап келген) ошол куржундун ичине салат. Журналист өзүнүн көйгөйүн же мамлекеттин көйгөйүн, балким журналистиканын көйгөйүн жазабы – ал өз эрки. Мына ушул куржунду аксакал журналист президенттин басма сөз катчысына расмий тапшырып берет. Бул процесстердин баары интернеттен онлайн болуп көрсөтүлөт. Эки күндөн кийин «Президентке кат куржун» деген хэштек менен ар бир журналист өз баракчасына өзү жазган кайрылуу катын жарыялайт. Бул «кат куржун» символу президент менен журналистгердин бир диалогунун жаңы формасы жана журналисттердин бөлүнүүсүнө бөгөт коё турган идеология болот.

Уюштуруу тобу

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: