Menu

Өзбекстанда төрт эркин экономикалык аймак пайда болот

Бөлүшүү:

Өзбекстанда үч эмес төрт эркин экономикалык аймак ачылат: Самарканддагы «Ургут», Ферганадагы «Коканд» жана Бухарадагы «Гиждуванга» Хорезмдеги «Хазарасп» аймагы кошулду. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев 12-январда кол койду.

Эркин экономикалык аймактардын негизги максаты – чет өлкөлүк жана жергиликтүү түз инвестицияларды тартуу, тышкы базарлар талап кылган импорттук продукцияларды чыгаруу, Самарканд, Бухара, Фергана жана Хорезм облустарынын өндүрүштүк жана ресурстук дараметтерин эффективдүү жана комплекстүү пайдаланууга шарт түзүү болуп эсептелет.

Документте жаңы өндүрүштөрдү, продукцияларды эл аралык ченемде маркировкалоо жана стандартташтыруу боюнча илимий борборлорду ачуу, жергиликтүү сырье жана материалдардын базасында жогорку технологиялык продукцияларды өндүрүу зарылдыгы айтылат.

Төрт эркин экономикалык аймактын иштөөсү 30 жылга негизделген. Бул убакыт аралыгында өзгөчө салык, бажы жана валюта режими болот.

Өзбекстанда булардан тышкары учурда үч эркин экономикалык аймак иштеп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: