Menu

Ошто кыргыз-өзбек чек ара маселеси талкууланууда

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча бүгүн Ош шаарында өкмөттөр аралык кезектеги жыйын башталды. Эки күндүк жолугушууга кыргыз тараптан вице-премьер Жеңиш Разаков, өзбек тараптан өкмөт башчынын орунбасары Адхам Икрамов катышууда.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, алар чек арага байланыштуу маселелерди тезирээк чечип, өз ара достук ымаланы бекемдөө зарылдыгын белгилешти.

Бул жолку жолугушуу мурдагылардан айырмаланып, жабык өтүүдө. Сүйлөшүүлөр бүгүн 17-январда уланат.

2016-жылдын соңунда президенттер Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёев Самаркандда кезигишкен. Анда мамлекеттер аралык маселелер боюнча январь айында сүйлөшүүлөр болору айтылган.

Расмий кабарларга ылайык, 1378 чакырымга созулган кыргыз-өзбек чек арасынын 320 чакырымы тактала элек. Талаштуу аймактарда түрдүү пикир келишпөөчүлүктөр болуп турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: