Menu

Тажикстанда аскердик кызматтан качып, 17 таш жутуп алган жоокер эки жылга соттолду

Бөлүшүү:

Душанбе гарнизонунун аскердик трибуналы катардагы жоокер Отабек Ибрагимовду аскердик кызматтан качууга күнөөлүү деп таап, эки жылга эркинен ажыратты.

Ибрагимов армияга 2019-жылы ноябрда чакырылып, декабрда аскердик кызматтан бошонуу максатында 17 ташты жутуп жиберген.

Тажикстандын мыйзамдарында денеге доо кетирүү аркылуу аскердик кызматтан качуу үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Соттун материалдарында катардагы жоокер алгач жети таш жутуп алганы жазылган. Ал кызматтан убактылуу бошотулуп, Коргоо министрлигинин аскердик госпиталына жаткырылган. Бирок андагы дарыгерлер «ага керектүү корутунду чыгарбагандыктан», ал декабрдын аягында дагы он таш жутуп алган. Иштин материалдарында ал мындай кадамга «кызматтан толук бошонуу» максатында баргандыгы жазылган.

Жергиликтүү укук коргоочулардын айтымында, тажикстандыктардын көбү армияга барууну каалашпайт. Алар эмгек миграциясына кетүү, жогорку окуу жайга тапшыруу сыяктуу жолдор менен аскердик кызматтан качышат. Буга тажик армиясындагы «чоңсунган зомбулук» себеп экени айтылып келет.

Кыйноолорго каршы коалициянын маалыматына караганда, 2014-жылдан 2016-жылга чейин армияда кызмат өтөп жаткан жоокерлердин туугандарынан 60 кайрылуу болгон. Алардын 11и жоокерлердин өлүмүнө байланыштуу болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: