Menu

Фото – Брюсселде өткөн «Brussels Holiday Fair» аттуу Европадагы эң чоң туристтик көргөзмөгө Кыргызстандын «Номадстан» туристтик компаниясы катышты

Бөлүшүү:

8-февралда Брюссель шаарында «Brussels Holiday Fair» аттуу Европадагы эң чоң туристтик көргөзмөлөрүнүн биринчи ачылышы болуп өттү. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Элчиликтин колдоосунун негизинде аталган көргөзмөгө биринчи жолу  ата–мекендик «Номадстан» туристтик компаниясы катышып, Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын, маданият жана тиричилигин тартуулады. Көргөзмөнүн ачылыш аземине дипломатиялык өкүлчүлүктөр, массалык маалымат каражаттар жана ошондой эле туристтик багыттагы ири компаниялар жана башка коноктор катышты.

Брюссель шаарындагы Бельгиянын эң чоң «Brussels Expo» көргөзмө комплексинде 350гө жакын экспонент көрүүчүлөр жана катышуучуларга дүйнө жүзү боюнча 800гө жакын туристтик багыттар боюнча сунуштарын тартуулашты.

Туристтик көргөзмөнүн уюштуруучуларынын маалыматынын негизинде 2018-жылы «Brussels Holiday Fair» көргөзмөсүнө 106 миңден ашык көрүүчүлөрдүн саны катталган. 2019-жылы аталган иш-чарага көрүүчүлөр саны өсүшү күтүлүүдө. Көргөзмө жармаңке 2019-жылдын 8-февралынан баштап 10-февралына чейин 3 күн өткөрүлдү.

Ошондой эле Кыргызстандын туристтик потенциалын илгерилөө багытында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында 2019-жылдын январь айында Брюссель шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин кызматкерлери Кыргызстандык «Travel Land» жана «Kyrgyz Muras» туристтик компаниялары менен биргеликте «Amsterdam Fair for Special Journey 2019», «Vacantiebeurs 2019», жана ошондой эле  «Special Journeys Breda» 2019 аттуу көргөзмө- жармаңкелерине катышуусу болду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: