2018-жылы Кыргызстанга кирүү үчүн электрондук визаны 33 миң чет элдик жаран алган. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жайында Мамлекеттик миграция кызматынын паспорт-визалык бөлүмүнүн жетекчиси Бахтияр Шакиров билдирди.
Анын айтымында, визаларды өлкөгө кыска мөөнөттүк иштери менен кирип жаткан жарандар алууда.
«Бул кандайдыр бир деңгээлде биздин инвестициялык активдүүлүгүбүздү тастыктап жатат. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында чет элдик жарандар иштөөгө уруксат алгандан соң гана жумушка орношо алат. Былтыр Тышкы иштер министрлиги 552 эмгек визасын берген»,-деп билдирди Бахтияр Шакиров.
Ошондой эле ал биздин өлкөнүн дүйнөнүн 45 мамлекети менен визасыз режим тууралуу келишими бар экендигин белгиледи.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ