Menu

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат, профессор: “Элди курулай удургутуунун кереги жок. Шайлоо өттү, бүттү…”

Бөлүшүү:

– Каныбек агай, Ички иштер министрлиги КСДПнын шайлоо мезгилинде эбегейсиз чоң каражат жумшаган деген “тизмегейти” боюнча иликтөөсүн баштаганын жар салышты. Аныгына чыгаарына ишенесизби?

– Бул өзүнүн табияты боюнча абдан резонанстуу маселе. ИИМ муну кылдат карап чыгат деп туралы. Анткени, 2017-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктары расмий түрдө жарыяланып, БШКнын чечими менен бекиген. Атаандаштар дагы ал жыйынтыкты таанып, моюн сунуп кабыл алышкан. Президент Жээнбеков легитимдүү деп ырасталып, иштегенине 1 жылдан ашты. Эми капыстан эле ошол КСДП өзү кайра тизме менен каражат бөлүштүрүлгөнүн ачык жарыя кылганы таң калыштуу болуп турат. Бул демарштын себебин мен КСДПнын эле ичинде саясый ажырым дагы да болсо апогейинен түшпөй уланып жатыптыр деп түшүнөм. Өтө абайлап, таза жана чындык боюнча гана ИИМ текшериш керек дегеним ошол. Элге тынчтык жана көр оокатын жеңилдетүү керек. Элди курулай удургутуунун кереги жок. Шайлоо өттү, бүттү.

– Бул маселе боюнча ким жоопкер болушу керек? Анткени, коомчулукту дүрбөлөңгө салган маалымат жөн эле калып калбаса керек…
– ИИМ менен УКМКнын түздөн-түз алектене турган иши бул. Тизмегейт кайдан чыкты? Ким автор же демилгечи? Документтин статусу легитимдүүбү, мыйзамдуубу? Коомчулук жөн эле дүрбөп олтуруп калбайт, эми. Ал керек болсо, катуу сурап алат! Натыйжасы жаман болуп калышы мүмкүн! Азыркы президентти эл колдойм деп турат жана колдоп дагы келүүдө. Демек, күч органдары адилет жыйынтыкты тез арада чыгарып, чиеленишкен табышмакты таасын далилдеп элге алып чыгып бериши керек!

– Эмне үчүн жогору жак Кытайдын тартип колониясына түшүп, азап тартып жаткан боордошторубузга көңүл бурбай жатышат? Же биз Кытай менен тең ата сүйлөшө албайбызбы?

– Бул жерде кызуу кандуулукка алдырбоо керек! Эл аралык тартип, этикет маселелерин кармабасак, ошол эле еытайлык кыргыздарыбызга ого бетер зыян алып келип алуубуз мүмкүн. Биздин тышкы иштер министрлиги элге расмий түшүндүрмө берсе жакшы болоор эле. Унчукпай олтуруу дагы көп суроолорду жаратат. Кыргыз президентинин, өкмөтүнүн аброюна доо кетирет!

– Каныбек агай, башка маселе түгөнүп калгансып, айрым депутаттар социалдык тармакты да көзөмөлдөө зарылчылыгын айта 6ашташты. Чындап эле көзөмөлдөө зарылчылыгы барбы?

– Мен буга каршымын! Биринчиден, техникалык жактан азыр мүмкүн эмес! Экинчиден, катуу цензурага кирип кетишет. Бул коркунучтуу.

– Сиздин жашооңузда социалдык тармак кандай роль ойнойт?

– Социалдык тармак XXI кылымдын эң көрүнүктүү жана таасирлүү феномени. Социалдык тармактан коркуп качып же ага тыюу салуу жолу менен бийлик утулат. 2010- жылдардагы “Араб жазы” революциялары так ушул социалдык тармактар аркылуу күчөп кеткен. Натыйжасын билебиз. Адекваттуу лидерлер, мисалы, Армениянын премьер-министри Н.Пашинян күнүгө ФБ аркылуу баарлашып олтурат өз эли менен. Андай мисалдар толтура. Ошондуктан социалдык тармак мен үчүн абдан оперативдүү маалымат ала турган жана бере турган заманбап коммуникациялык курал. “Фейсбуктун” дагы сапаты көтөрүлөт. Азыр эле ал коомдук пикирди түзө ала турган күчкө айланып калды! Биздин бийлик буга оң карап, артта калбай турган саясатты жүргүзгөндөрү абзел!

– Каныбек агай, Чаткалды жагдайга неге жогору жактагылар көңүл бурушпай жатат?

– Кыргызга Жараткан укмуш кооз жаратылыш жана пайдалуу кен байлыктарды тартуулаган. Эми ушуну дагы чет элдиктерге сатып, анын пайдасын бир ууч шылуундар көрүп жатканы акмакчылык. Биздин саясый бийлик бүгүн эле билдирүү менен чыгып, элди ынандырбаса аягы жаман болчудай! Эмнеге маалкатышат?

Автор: Чынайым Кутманалиева
Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: