Бүгүн, 19-январда Таласта көк бөрү мелдеши болуп өттү. Бул тууралуу “Көк бөрү” федерациясынын Кара-Буура районундагы вице-президенти Мирадил Нарбеков жергиликтүү журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Талас облусундагы Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылында 8 команданын катышуусунда көк бөрү болуп өткөн. Мелдештин байге фонду 100 миң сомду түзгөн. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана медалдар менен сыйланган. Чоңдор арасында 1-орунду Кара-Буура району, жаштар арасында 1-орунду Манас району ээлеген. Көк бөрүнүн максаты — улуттук оюнду өнүктүрүү, жаштарды ынтымакка чакыруу жана мыкты улакчыларды тандап алуу.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ