Menu

Мурдагы модель Дональд Трампты жыныстык зомбулукка айыптады

Бөлүшүү:

Мурдагы модель Эми Доррис АКШнын президенти Дональд Трампты сексуалдык зомбулукка айыптады. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

Дорристин айтымында, окуя 1997-жылы Нью-Йоркто өткөн АКШнын теннис боюнча ачык чемпионатында болгон. Ал жерде ошол кезде ишкерлик кылган Трамп менен жолугуп, иш-чарадан кийин ал аны кучактап, ыдык көрсөткөн.

Өз кезегинде президенттин адвокаттары бул дооматты четке кагышты. Алар мурунку моделдин айыптоосу президенттик шайлоонун алдында чыгып жатканын белгилеп, анда саясий негиз болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.

Доррис президент Трампты жыныстык ыдык көрсөтүүгө айыптагандардын алгачкысы эмес. Мурдагы президенттик шайлоодо Трамптын каалаган аялды кармалай аларын айтып мактанганы жазылган аудио тасма чыгып кеткен. Трамп ал сөздөрү үчүн кечирим сураган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: