Menu

Тагдыр: Тамакты уурдап жеп, камчы менен сабалган 23 жаштагы келиндин тагдыры

Бөлүшүү:

Нарын шаарынын 23 жаштагы тургуну Асыл (аты өзгөртүлдү, К.Т.) бала кезинде атасынан эрте айрылып, таякесинин колунда өскөн. Ал Turmush басылмасына кайрылып, таякесинин үйүнөн кордук көрүп жашап келгенин аймактык кабарчыга айтып берди.

Асыл учурда эжеси менен Нарын шаарында батирде жашайт. 4 жаштагы майып баласы бар. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жогорку окуу жайын толук бүтүргөн эмес. Пол, идиш жууп жана башка жумуштарды кылып, акча табуунун айласын издеп келет.

Балалык

Апам эрке өскөн, биздей болуп кыйналган эмес. Атам каза болгондон кийин эс тартып калган балдарын таштап, кетип калган. Эжелерим байкелерибиздин үйүнө кетишсе, мен таякемдин колунда калгам. Көп өтпөй таякем да каза болуп калды. Мен таажеңемдин колунда калдым. Ал убакта 5 жашта болчумун. Таякемдин жубайы жакшы эле болчу, болгону анын апасы жана балдары, туугандары мени батырбай коюшту.

Бир жолу бутум сынган. Анда 2-класста окучумун. Таякемдин баласы мага «ат кармашып кой» деди. Ат азоо болчу. Анан берки кыздар «үй актайт» деп мени талашып жатып, бир кызы уйдүн башын куйкалаган чоң союл менен бутума чаап ийсе, бутум «карс» деп кетти.

Тамакты уурдап жеп…

Кудагыйыбыз (таякесинин кайын энеси) таажеңеме «тамакты көп жейт, кайдан ээрчитип келдиң, өзүбүздүн балдарыбыз көп» деп мени жаман көрө берчү. Тамакты уурдап жечүмүн. Кудачабыздын мени менен тең бир кызы бар болчу. Ал таенесинин акчасын уурдап, «көп акча таап алдым» деп мага келди. Экөөбүз чардадык, анда кичинекейбиз да. Мугалимдер байкап калып, үйдөгүлөргө «неберелериңерге көп акча берип жатасыңар» деп айтышыптыр. Ошондон кийин кудагый «пенсиям жоголду» деп калды. Небереси акчаны менин сумкама сала коюптур. Кудагый небересин урушкан жок, «ал андай кылбайт» деп койду. Мени болсо камчы менен сабашты. Небереси мен кеткенден кийин дагы акча уурдаптыр. Эсимде, ошондо 1-5 сомдуктар болчу. Анда биз 1-класста окучубуз. Азыр ошол кудагый Бишкекте жашайт.

Таенем 11 бала төрөгөн. Балдарынын баары тең ичип, көбү түрмөгө түштү. Арактын айынан мушташа кетишчү. Таенем балдарына барып калса, аны адам катары , көрүшчү эмес. Таенем көп жыл мурун каза болуп калган.

Кайын журт

Мени зордоп турмушка беришти. Жолдошум менен 1 балалуу болгондон кийин эле ажырашып кеттик. Кайын журтум азыркыга чейин мени жаман көрөт. Алар балам экөөбүзгө каралашпайт, сурап дагы коюшпайт. Балам жакында эле майып экени аныкталды. Көзү ооруйт, 4 жашка чыкты. Батирде турабыз, тапкан акчанын баары ошого кетет, тамак-ашка дагы жетпей калат. Ашканаларда иштедим, кыштын кыраан чилдесинде драма театрдын алдына чыгып пирожки саттым. Бир күндө 2000-3000 сом тапчумун.

Бөлөмө тий деп…

Бир жолу баягы мени баккан таажеңеме бардым. Анын 1980-жылы туулган уулу бар, жубайы кетип калган. Экөөбүз бөлө эле болобуз да, таажеңем мени ошого «тий» деди. Мурда көргөн кордугум жетет деп айттым. Жаман болуп, сүйлөгөн жок.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: