Menu

Табигый антибиотиктер…

Бөлүшүү:

Адам ооруганда алгач эле ооруканага барып дарыгерге кайрылат. Эгерде бактериялык инфекция болсо, дарыгер дароо эле антибиотиктерди жазып берет. Аларды кабыл алганда ооруңуз басылганы менен ичегилериңиздин табигый микрофлорасы бузулуп, организмиңиздеги пайдалуу бактериялар өлүп калат. Жыйынтыгында ичегилериңиз аллергияга кабылып, иммунитетиңиз начарлайт. Эгерде сиз организмиңизди антибиотиктерге талкалатпайын десеңиз, ашканаңыздагы эле табигый азыктарды дары катары колдонуу менен оорудан кутуласыз.

Сарымсак

Сарымсак табигый күчтүү антибиотик болуп эсептелет. Ал стафилококк, стрептококк сыяктуу бактериялар менен активдүү күрөшөт. Изилдөөлөрдө күн сайын сарымсак жеп жүргөн адамдын организмин сарымсак кант диабети, жогорку кан басымы, аллергия, жүрөк жана тиш ооруларынан куткарган.

Хрень

Бул өсүмдүк адамдын организминдеги инфекциялар менен эле күрөшпөстөн, иммундук системанын активдүүлүгүн көтөрүп, тамак жана кекиртек ооруларын да айыктырат. Ошондой эле хренди дайыма кабыл алып жүргөндө организмдеги бактерияны өлтүрүп, заара чыгаруучу жолдорду ар кандай оорулардан коргоору далилденген.

Курамында С витамини бар жер-жемиштер

С витамини иммундук системаны чыңдайт жана жакшыртат, ошондой эле организмдеги ар кандай оорулар менен күрөшүү жөндөмдүүлүгүнө ээ. Иммундук системаны абдан көтөргөндүктөн организмди жыландын уусунан айыктырат, бактериялык жана жугуштуу ооруну козгоочу инфекцияны жеңет. Аталган витамин жемиштерден: карагат, апельсин, лимон, киви, кулпунай, кара өрүк жана дарбызда болсо, жашылчалардан: болгар калемпири, пияз, петрушка, капуста, помидор жана шпинатта бар.

Бая

Бал эзелтен бери өзүнүн уникалдуу дарылык касиеттери менен бааланып келген. Андыктан эл арасында табигый антибиотик деп аталат. Бул азык бактерияга, жугуштуу ооруну козгоочу микробдорго, бөтөнчө микроорганизм себепкер болгон ооруларга, суук тийүүгө каршы. Жугуштуу оорулардан коргоочу жана жараны бат айыктыруучу касиетке ээ.

Пияз

Пияздын бактерияларга, жугуштуу ооруларга каршы жана ден соолукту бекемдөөчү касиети бар. Уламыштарда эгер адам чийки пияз жесе, пияз денесиндеги оорулардын баарын соруп алып, айыгып кетет деп айтылып келет. Ал эми табакка пиязды туурап коюп койсо, үйдөгү жагымсыз бактерия, микробдорду өлтүрөт.

Капуста

Капустанын микробго каршы касиети бар. Ал оорутуучу бактериялардын бир нече түрүн өлтүрө алат. Кызыгы, анын дарылык касиети туздалган учурда жогорулайт. Андыктан рационуңузга сөзсүз кошуңуз.

Алма уксусу

Бул азык курамына алма кычкылын камтыйт, бактерияга, жугуштуу ооруну козгоочу микробдорго, бөтөнчө микроорганизм себепкер болгон ооруларга каршы касиетке ээ. Алма уксусу ооз көңдөйү, эринге чейин таасир эткен микробдун бардык түрүн өлтүрө алат. Токсиндер менен зыяндуу микроорганизмдерди губка сыяктуу соруп алат.

Сайкал Илиасова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: