Menu

Мамбет Мамакеев, врач, КР эл баатыры: “Атамбаев оорулуу адам, 2010-жылы Отунбаевага эскертип айткам”

Бөлүшүү:

– Мен республикада бирден-бир 92 жаштагы аксакал катары өз оюмду айтайын. Мен Сооронбай экөөнү көп жылдардан бери билем. Алмаз Атамбаевден баштайын. Алмазды көп жылдардан бери билем, чогуу депутат болгондон тартып. Экөөбүз сен-мен деп көрүшкөн эмеспиз. Бири-бирибизге мамилебиз түзүк эле. Мени Мамбет ава деп, мен Алмазчик деген сөздөн башка сөз жок эле. Бирок, ошондо байкап калгам. Анын активдүү депутат катары, бир адамга жакшы сөз айтканын уккан жокмун. Ар дайым бирөө менен кармашып жүргөнү жүргөн. Менин байкашымда кээ бир адамдарда болот, туулгандан өлгөнгө чейин бирөөгө жакшылык ойлобогон, ар дайым издегени жаманчылык, мунсуз жашай албайт. Көнгөн адам бул кесибин таштап койсо, анда ооруп калат. Мындай адамдардын көбүн билем. Ошентип, дайыма кармашып жүрүп, өзүнө ылайык шайкаларды түзүп, эки төңкөрүш жасады.

Төңкөрүштүн бирден-бир жетекчиси Алмаз болду. Ошон үчүн азыр мактанып жүрбөйбү: «Эки революцияда эки президентти куудум», – деп. Кайдагы революция? Революция деп жөнөкөй эл жүрдү. Тигилердин максаты болсо – бийликти басып алуу. Менин эсимден кетпейт. 2010-жылдын 7-апрелинде бизге Улуттук хирургия борборуна 70 атылган баланы алып келишкен. Myну пендеге бербесин. Мындай трагедияны врач болуп туруп көргөн жок элем. Бир заматта больницанын короосуна, коридорго атылган балдардын денеси, кызыл жайылган кан, ичегиси чубалжыган, туугандарынын ызы-чуусу, кыйкырык, өкүрүк толтура машина… Ошолорду карап туруп, өзүм башында туруп, 8 операциялык столубузда бүт хирургдарыбыз, медсестраларыбыз, бирөө да кетпей, күн-түн дебей турдук, тынымсыз операция жасадык. Төрт баланын өлүгүн алып келишти. Дагы жүрөккө ок тийген экөө операциялык столдо калды. Өтө көп жарадар болгондуктан, 64 баланын өмүрүн сактап калдык. Эртеси саат 10дон кийин Р. Отунбаева, Т. Сариев келишти. Ошондо күнүгө ок жеген балдарды карап жүрдүм. Обход кылып жүрүп сурасам, көпчүлүгү эч жерде иштебегендер. Менин деле кээде, кези келгенде, сага окшоп тике айтып салам. “Ой бала, ал жакка эмнеге бардың? Эмне издеп бардың? Барып, көргөнүң мына, ок жеп, кыйналып жатасың”, – деп сурасам: “Агай, жаңылдым, алдандым, ок атыларын билбей эле бардым эле”, – дейт. Мындан башка канча мародерлук болуп, талкаланып, уурдап-тонолуп, мамлекетке чоң зыян келтирилди. Эми ушуну эстүү-баштуу кишилер ойлонуп, ушунун барына ким күнөөлүү, деген суроо келип чыгат. Ошол убакыттагы төңкөрүш жасаган, балдарды козутуп коюп, эмне болсо ошол болсун деп ээн таштап койгон А. Атамбаев баш болуп, күнөөлүү. Бул өлгөн балдардын ата-энесине, тирүү калгандарына канчалык убал болду. Мародерлор жасаган зыяндарга, Ак үйдүн эле ремонтуна миллиондогон мамлекеттин, элдин акчасы кетти. Менимче, ушул кеткен чыгымдар уюштурган адамдардын чөнтөгүнөн каржыланса туура болмок. Эми менин таң калганым, ошол төңкөрүштү ишке ашырган жөнөкөй эл эч нерсеси жок калып, уюштургандар, алардын желдеттери анынпайдасын көрүүдө.

Ошончо адамдын өмүрүн сактап калган врачтарга, хирургдарга рахмат деп койгонго жарашкан жок. Эми А. Атамбаевдин мөөнөтү бүтүп, С. Жээнбековго президенттикти берди. Көргөн эл ыраазы эле болуп турдук. Ушунчалык мактап, жалгыз ишенген, президентке жарай турган накта кесиптешим деп, шайлоодо чоң жардам кылган. Муну унутуп коюуга болбойт. С.Жээнбековдун инаугурация убагында мен да катышып калдым. Жусуп Жээнбеков экөөбүз катар отуруп калыптырбыз. Ошондо да элди таң калтырды го. Бири-бирин өбүшүп, кучакташып, чын досум, деп. Бири-бирине укмуш каалоолорду айтып, Алмаз улам-улам суу ичип турду. Мен Жусупка доктурлук көз менен байкап туруп: – Бул Алмаз тез-тез суу ичкенине караганда, кечээ катуу кетсе керек, бул адамдын чын пейили менен зыпылдап жатышына мен ишенбей турам, дедим. Ошону менен бүттү. Ойлоп калдык, А. Атамбаев өзгөргөн экен деп. Бул жолу өзү макулдугу менен өткөзүп берди деп. Буюрса, оңолот экенбиз, элибизде тынччылык, бири-бирин урматтаган жакшы заман келет экен деп ойлоп калдык.

Анан эмне болду? 2-3 ай өтпөй уга баштадык, буларды кудай урду, чатакташа баштаптыр деп. Анан чатактары ачыкка чыгып, чындык болуп чыга баштады. Көрсө, Алмазбек Атамбаев жаңылып калыптыр Сооронбай Жээнбековду Президент кылам деп. Өзү сүйлөбөдүбү “Мен бул адамды жанымда 25 жылдан бери алып жүрүп, мындай акмакты билбепмин,” – деп. Эми Сооронбайды ушунчалык шылдыңдап, жамандап, ачык эле телевизордон акмагын чыгарып жатат. Менимче, азыр түшүнүп жатат. Ойлосо керек, “мындай «немени» президент кылып алсам, анан өзүм жатып алып, мурункудай бийлик жүргүзүп, өзүм башкара берем,” – деп. Бул жерден Алмаз чоң жаңылды, Сооронбай акылдуулук кылып, мунун айтканына макул болбой койду. Себеби, Сооронбайдын дагы өзүнүн башы, өзүнүн идеясы бар, иш билгендиги жагынан бүт этаптарды басып келип, Алмаздан баардык жагынан жогору болуп чыкты. Муну бүт эл көзү менен көрүп жатат.
Менин оюмча, врач катары байкоомдо, А. Атамбаев – бул оорулуу адам. Мен 2010-жылы Р. Отунбаева Президент болуп турганда айттым эле, жазып дагы бердим эле. «Бул адам нейропсихически оорулуу болушу мүмкүн, байкаңыз” деп.

Р. Отунбаева кыңк эткен эмес. 2016-жылы борбордук аянтта А. Атамбаев Р. Отунбаеваны легитимсиз президент болгон деп, шылдың кылган, аягында кууп чыккан. Мен кийин Розага кезигип, Атамбаев ырас кылды сени, дедим.

Булак: “Ring.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: