Бишкекте белгисиз адамдар коменданттык саат учурунда ичинде 61 500 сому бар төлөм терминалын уурдап кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрель күнү Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, окуя 6-апрель түнкү саат 2лер чамасында Абдрахманов көчөсүндө болгон. Белгисиз адамдар 1500 долларлык терминалды уурдап кетишкен, анын ичинде дагы 61 миң 500 сом бар болгон.
Терминалдын ээлери Свердлов РИИБне кайрылышкан, аталган факт КР Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Учурда шектүү адамдарды кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ