Menu

Oxfam: пандемиядан улам жарым миллиард адам жакырланышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Жакырчылыкты жоюу багытында иш алып барган уюмдардын эл аралык бирикмеси (Oxfam) дүйнө лидерлерин коронавирус пандемиясынан кийинки экономикалык кесепеттердин алдын алуу боюнча чаралардын топтомун иштеп чыгууга чакырды.

Oxfam коронавирустун жайылуусунан улам болжол менен дүйнөнүн дагы жарым миллиард жашоочусу жакырчылыктын сазына батышы мүмкүндүгүн эскертти.

«Бай өлкөлөр каатчылык маалында өз экономикасын колдоого триллиондогон доллар бөлө аларын көрсөтүштү. Ушундай эле жардам жакыр өлкөлөр үчүн да уюштурулушу керек», — деп жазылган баяндамада.

9-апрелде дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алган адамдардын саны бир жарым миллиондон ашты. Каза болгондордун саны жүз миңге чамалап, 350 миңге жакын киши айыкты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: