Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинге мамлекеттик майрам – Орусия күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
«Урматтуу Владимир Владимирович, Орсиянын дос элин жана жеке сизди мамлекеттик майрам – Орусия күнү менен чын дилимден куттуктайм. Бүгүн Орусия өнүккөн демократиялык мамлекетти куруу жолунда ишенимдүү баратат, эл аралык бедели күн сайын өсүү үстүндө.
Биргелешкен аракеттердин аркасында кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк биздин өлкөлөр менен элдердин жакшылыгы үчүн мындан ары да чыӊдала берет деп ишенем.
Урматтуу Владимир Владимирович, Сизге алдыдагы пландарыңыздын ийгиликтүү ишке аша беришин, ал эми бүткүл Орусия элине бакыт-таалай, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, – деп айтылат куттуктоодо.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ