Бүгүнкү күндө Лейлек районунда санитардык-карантиндик посттор коюлган. Коронавирус илдетин жайылтпоо максатында медицина, милиция, өзгөчө кырдаалдар кызматтары жергиликтүү бийлик менен биргелешип иш алып барууда. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Өзгөчө кырдаал режими кирген күндөн тартып район аймагында жарандардын эркин жүрүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген. Ал эми район аймагындагы айылдарда да ички карантиндик посттор коюлуп көзөмөл жүрүп жатат. Анда милициянын участкалык инспекторлору менен биргеликте ыктыярдуу жарандар кезектешип нөөмөт уюштуруушуда.
Эпидемиологиялык кырдаалды жеңүүдө коомдун коопсуздугу, калктын саламаттыгы маанилүү. Андыктан ар бир жаран өздүк гигиенаны сактап, өзүнүн гана эмен жакындарынын коопсуздугун дагы ойлоо менен бирге дарыгерлерге, милиция кызматкерлерине жардам берүүлөрү зарыл.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ